ОшТУда санариптештирүү боюнча регионалдык жаштар форуму өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Ош технологиялык университети менен Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
Эки тараптуу кызматташууда биргелешкен санариптик долбоорлорду илгерилетүү жана аларды ишке ашыруу, окуу курстарын, илимий конференцияларды, тегерек столдорду, тренингдерди, семинарларды ж.б. уюштуруу, окутуучулук курамдын кесиптик квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өтүү, окутуу жана консалтингдик колдоо аркылуу санариптик технологиялар чөйрөсүндө стартаптарды ишке ашыруу жана биргелешкен окуу-изилдөө лабораториясын түзүү маселелери каралган.