ОшТУда физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын окутуучулары тарабынан 12-апрель – Авиация жана космонавтиканын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата физикалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, факультеттин усулдук кеңешинин төрайымы З.Абдразакова жана студенттер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө космонавтика күнүнүн тарыхы боюнча маалыматтар айтылып, илимий докладдар окулуп, командалар ортосунда таймаш өткөрүлдү.
Таймашка жалпысынан 6 команда катышып, аларга интеллектуалдык суроолор, тапшырмалар берилди. Жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталып, грамоталар жана белектер тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда кафедранын окутуучулары космонавтика боюнча илимдеги жаңылыктар, жетишкендиктер жөнүндө пайдалуу маалыматтарды беришти.