Ош технологиялык университетинде аспирантура жана магистратура бөлүмүндө билим алып жаткан аспиранттарга, магистранттарга жана жаш илимпоздорго экономика жана финансы кафедрасы тарабынан “Илимий макалаларды жазуунун эрежелери, илимий метрикалык базаларга жарыялоо: илимий тажрыйба менен бөлүшүү” деген темада илимий семинар өткөрүлдү.
Илимий семинардын максаты жана тапшырмалары боюнча экономика жана финансы кафедрасынын профессору, э.и.к. Кутманбекова А.А. маалымат берди.
Семинарды ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев ачып , жаш илимпоздордун илимий иштерине ийгиликтерди каалады.
Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, экономика жана башкаруу факультетинин жамааты, аспиранттар жана магистранттар катышты. Магистратура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор Атакулова М.А. магистрдик диссертация, илимий макаланы жазуунун эрежелери, талаптары боюнча тааныштырды.
ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин «Финансы жана банктык иш» кафедрасынын башчысы, э.и.д., профессор Кулуева Ч.Р. “Илимий макалаларды жазуунун эрежелери, илимий метрикалык базаларга жарыялоо: илимий тажрыйба менен бөлүшүү” деген темада баяндама жасады.
Илимий семинар илимий маалыматтын сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу; – коомчулуктун өнүгүшүнө комөктөшүү; – изилдөөнүн көрүнүктүүлүгүн, цитаталоосун жана академиялык репутацияны жогорулатуу максатында уюштурулду.