Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, “Алтын түйүн” Улуттук балдардын инженердик-техникалык Академиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык “Биз-XXI кылымдын интеллектуалдары” Эл аралык жаштар форумунун Ош областтык сынак туру 2024-жылдын 2-апрель күнү М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин базасында өткөрүлдү.
Форумга Кыргыз Республикасынын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алыскы чет өлкөлөрдүн 10 жаштан 18 жашка чейинки окуучу жаштардын өкүлдөрү: мектеп окуучулары, ЖОЖдордун 1,2,3-курстарынын студенттери катышты.
Иш-чаранын ачылышында КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Арстанкулов Т.К., Облустук балдар чыгармачылык борборунун директору Назаров Р.Н, ОшТУнун ректору Турсунбаев Ж.Ж катышып сөз сүйлөштү.
Сынакка коюлган эмгектерди калыс баалоо иши ОБЧБ кызматкерлери менен ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынан биргелешип түзүлгөн компетенттүү топ тарабынан жүргүзүлүп, жыйынтыгында жеңүүчү аталган окуучулар ОшТУнун ыраазычылык каттарына, баалуу белектерине ээ болушту. Байгелүү орунга ээ болгон окуучулар Бишкек шаарында өтүүчү Эл аралык форумда облус намысын коргошот.