ОшТУда гуманитардык-технологиялык колледжинин экономика кафедрасы тарабынан Кара-суу районунун Социалдык фонд башкармалыгынын адистери менен биргеликте студенттерге “Кыргыз республикансынын социалдык фонду жана анын ишмердүүлүгүндөгү негизги көйгөйлөр” аттуу темада конок лекция уюштурулду.
Конок лекцияга Кара-суу районунун Социалдык фонд башкармалыгынын башчысынын орун басары Шамшиев Сүйүнтбек Назарбаевич, башкармалыктын башкы адистери Исмаилов Бакытбек Оронбаевич, Искендербек уулу Алинур, ІТ адис Айтмамат кызы Нурай жана колледждин экономика багытында билим алып жаткан студенттери катышты.
Лекциянын жүрүшүндө студенттерге Кыргыз республикасындагы социалдык фондунун жалпы ишмердүүлүгү, пенсия жана топтомо фонду жөнүндө кеңири маалымат берилип, студенттер берген суроолоруна кеңири жооп ала алышты. Аягында келген конокторго ыраазычылык билдирилди.