Ош технологиялык университетинде Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иш-чараларын аткаруу максатында 1-курстун студенттеринин арасында бир нече иш-чаралар өткөрүлдү.
Окуу жайда керектөөчүлөрдүн укуктары мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө корголушу жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча студенттерге куратордук сааттар уюштурулуп, 1-курстардын арасында илимий баяндамалар конкурсу уюштурулду.
Мында студенттер Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу тебеленгенде кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектиги боюнча толук маалыматтарды алышты.