Ош технологиялык университетинде “Интеллект” өнүктүрүү борбору тарабынан “Brain storming” интеллектуалдык оюну уюштурулду. Аталган оюнга Ош шаарындагы жогорку, орто окуу жайлардан жана мектептерден жалпы 11 команда катышты.
Иш-чара студенттердин интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, жаштардын бири – бири менен болгон байланышын бекемдөө, жогорку окуу жайлар аралык достук мамилени чыңдоо жана жаштарды илим, билимге шыктандыруу максатында өткөрүлдү.
Жыйынтыгында биринчи орунду “Үч жылдыз” командасы (ОшМПУ) I даражадагы диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык, экинчи орунду “Фальцет” командасы (КӨЭАУ) I I даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык, үчүнчү орунду “ Grey” командасы (№40 Бектемир Азизов мектеби) I I I даражадагы диплом жана 2000сом акчалай сыйлык, төртүнчү орунга “Интеллект” жана “Альянс”командалары (ОшТУ) ыраазычылык баракчалар менен сыйланды.
Калган катышуучу командаларга кызыктыруучу белектер берилди.