ОшТУнун физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасында жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланышты чыңдоо, тажрыйба алмашуу максатында “Физика жана астрономия предметтерин виртуалдык лабораториялардын жардамында өтүүнүн жолдору” деген темада усулдук семинар өткөрүлдү. Аталган семинарда конок катары ОшМУнун алдындагы Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын доценти, ф.-м.-и.к., доцент М.Ч. Өскөнбаев баяндама жасады.
Семинарда физика жана астрономия предметтерин өтүүдө виртуалдык лабораториялардын маанилүүлүгү, StarWalk, Stellarium тиркемелерин пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө кеңири маалымат берилди.
Семинарга кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, магистранттар, студенттер катышты. Катышуучулар тарабынан баяндамачыга суроолор берилип, кызуу талкуу жүргүзүлүп, керектүү, пайдалуу маалыматтар алынды. Усулдук семинар өз максатына жетти.