Ош технологиялык университетинде спорттун стол теннис түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын чемпионаты өтүп жатат. Чемпионаттын ачылуу аземи өткөрүлүп, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана студенттери катышты. Спорттук мелдештин салтанаттуу ачылышында окуу жайдын ректору Ж.Ж.Турсунбаев мелдешке катышуучу командаларды куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Иш-чара “Жаштык” дирекциясы тарабынан уюштурулуп, жалпысынан спорттун 16 түрү боюнча өткөрүлүп жатат
Бул иш-чаранын максаты дене тарбия жана спортту студенттердин күнүмдүк турмушуна киргизүү, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте уюштурулуп, мелдештин жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болгон командалар диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.