Ош технологиялык университетине Түштүк Кореядагы белгилүү ишканалар болуп саналган “K-JOBS” жана “MANTOSS GROUP” компанияларынын делегациялары келди.
“K-JOBS” жана “MANTOSS GROUP” компаниялары – Түштүк Кореядагы квалификациялуу кадрларды жумуш менен камсыздоо, бош орундарга ишке жайгаштаруу менен алектенген ири компаниялардан болуп саналат. Ар биринде 30 миңден ашуун кызматкерлер эмгектенет. Конокторду ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алды жана кеңейтилген курамда эки тараптуу кызматташуу чөйрөсүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.
Сүйлөшүү иш-чарасында Ош технологиялык университетинин технологиялык жана техникалык багыттагы бүтүрүүчүлөрүн Түштүк Кореядагы ишканаларга мыйзамдуу жумушка орноштурууга, турак жай менен камсыздоого жардам берээрин жана келечекте Ош технологиялык университетинде окуп жаткан студенттерге кошумча билим берүү программаларын ачуу туурасында макулдашышты.
Жыйындын соңунда көп жылдык жана көп тармактуу кызматташуу максатындагы келишимдерге кол коюшту. Келишимдин негизинде Кореяда иштөөнү каалаган ОшТУнун бүтүрүүчүлөрүнө 5 жылдык мөөнөткө E-7 визасынын алууга мүмкүнчүлүк берет.