Ош технологиялык университетинде кибернетика жана маалымат технологиялары факультети жана табигый-техникалык факультети тарабынан студенттер үчүн тренинг өткөрүлдү. Тренинг стартап долбоорлорду ишке ашыруу жана жаштардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү максатында уюштурулуп, окуу жайдын студенттери катышты.
Аталган тренингди социалдык-экономикалык жана маалыматтык проекттер боюнча консультант, бир нече долбоорлордун жеңүүчүсү жана азырку учурда MyStory проектинин аткаруучу директору Темирлан Разбаев Дуйшобаевич жана MyStory стартаптын негиздөөчүсү Айтемир Мудинов өтүп берди.
Тренингде кызыктуу талкуулар жүрүп, студенттерге стартап долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кеңештер жана сунуштар берилди.