М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети тоолуу аймактардын декарбонизациясынын жана климатынын өзгөрүшүнүн митигациясынын перспективаларына арналган «Илим. Tехнологиялар. Инновациялар» аттуу VII аймактык илимий– практикалык конференциясына жаш илимпоздорду жана студенттерди 2024-жылдын 29-30-апрель күндөрү катышууга чакырат.
Конференциянын ачылуу аземи 2024-жылдын 29-апрель күнү Ош технологиялык университетинин чон актылар залында саат 10:00дө башталат.
«Илим. Технологиялар. Инновациялар» VII илимий-практикалык конференциянын иши эки этапта ишке ашырылат:
- Илимий-практикалык конференциянын пленардык жана секциялык отурумдары (29-апрель, 2024-жыл);
- Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин көргөзмөсүн уюштуруу (30-апрель, 2024-ж.).
Катышуу формасы: гибриддик (онлайн, оффлайн). Макалалар кыргыз, орус жана англис тилинде кабыл алынат.
Конференцияга катышуунун шарттары:
Катышуу үчүн арыздар жана докладдардын тексттери уюштуруу комитети
тарабынан 2024-жылдын 20-апрелине чейин кабыл алынат. Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын камтыган эң кызыктуу баяндамалардын материалдары тандалып алынып илимий-практикалык конференциянын жыйнагында жарыяланат. Эң мыкты докладдар дипломдор менен сыйланышат.
Конференцияга катышуу жана докладдарды жарыялоо акысыз.
Конференцияга катышуу үчүн материалдар электрондук жана кагаз түрүндө 2024- жылдын 15-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча жөнөтүлөт: Кыргыз Республикасы, 723503, Ош ш., Н.Исанов көчөсү, 81. Ош технологиялык университетинин илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү, 309-каб.
Байланыш номерлер: +996555801489, +996998919107.
Электрондук дарек: nauka-oshtu@mail.ru