Ыйык орозо айында университеттин орозо кармаган профессордук-окутуучулук курамына жана кызматкерлерге окуу жайдын жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан ооз ачар уюштурулду. Окуу жайдын ашканасына дасторкон жайылып, университетте эмгектенип жүрүп, көзү өтүп кеткен агай-эжекелердин рухтарына багышталып куран окулду. Жалпы эле өткөндөр эскерилип, мамлекетибиздин тынчтыгы, биримдиги, туруктуулугу жана элибиздин амандыгы үчүн дуба кылынды
Жаш окутуучулар үчүн квалификацияны жогорулатуу курсу жыйынтыкталды
Ош технологиялык университетинде Билим берүүнүн сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан уюштурулган «Сапаттуу билим берүүдөгү педагогикалык чеберчиликтер» аталышындагы жаш окутуучулардын...











