ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн экономика илимдеринин доктору, Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин профессору Тайгашинова Кусникамал Тортубаевнанын 80 жылдык мааракесине арналган “Евразиялык экономикалык интеграциянын прогрессинин чакырыктары, глобализациянын тобокелдиктери жана ага таасир этүүчү рычагдары” аттуу Евразия өлкөлөрүнүн бухгалтерлеринин жана аудиторлорунун Ысык-Көл форумунун эл аралык илимий-теориялык жана практикалык конференциясына катышып келишти.
Аталган иш-чарада пленардык баяндамалар, секциялык иштер жүрүп, илимий баяндамалар уктурулду. Ошондой эле, конференциянын алкагында бир нече тегерек стол, семинар-тренингдер уюштурулуп, анда окутуучулар квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашышты.
Конференциянын жүрүшүндө ОшТУнун окутуучулары илимий баяндамаларын жасашып, жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.