Ош технологиялык университетинде “Билим берүүдөгү жасалма интеллект платформасы” программасы боюнча тренинг өткөрүлдү.
Тренинг окутууда жасалма интеллектти колдонуу боюнча билим жана тажрыйба алмашуу, ошондой эле билим берүү процессин модернизациялоо үчүн берген мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо максатында уюштурулду. Катышуучулар билим берүү чөйрөсүндө жаңы технологиялар жана аларды колдонуу дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты.
Тренингдин программасы тажрыйбалуу окутуучулар жана жасалма интеллект боюнча адистер тарабынан өткөрүлгөн ар кандай лекцияларды, демонстрацияларды жана практикалык сабактарды камтыды. Катышуучулар жасалма интеллект аркылуу окутууну жекелештирүү жана билим берүүгө жасалма интеллектти киргизүүнүн этикалык жана социалдык аспектилери сыяктуу маселелерди талкуулашты.