ОшТУда архитектура жана курулуш факультетинин курулуш өндүрүшү кафедрасы тарабынан “Жаңы стандарттардын, эрежелердин жана талаптардын негизинде имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо” аттуу тегерек стол уюштурулду. Аталган иш-чарага факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, бүтурүүчү студенттери, магистранттары, Ош шаарынын архитектуралык- курулушту контролдоо башкармалыгынан, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, курулуш компанияларынан келген өкүлдөр катышышты.
Келген коноктор “Курулуштагы жаңы стандарттар, эрежелер жана талаптар”, “Курулушка уруксат алуу, сметалык, тендерлик документациялар, турак жайларды сатып алуу мыйзамдары”, “Учурдагы курулуштагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору” жана “Ош шаарындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөр тууралуу маалымат” аттуу докладдарды жасашты. Бул докладдарда акыркы мезгилдеги Ош шаарындагы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайларды долбоорлоодо, курууда, текшерүүдө колдонуп жаткан жаңы стандарттар (СНиП, ГОСТ, ТУ), курулган үйлөрдүн сапаттары, жалпы курулуш тармагындагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө кеңири маалымат берилди. Катышуучулар тарабынан конокторго суроолор берилип, керектүү, пайдалуу маалыматтар алынды.
Иш-чаранын аягында келген коноктор тарабынан окуу жайда эмгектенип жаткан окутуучуларга, окуп жаткан студенттерге пайдалуу кеңештер айтылды. Окутуучулардын өндүрүш менен окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөө, студенттердин практикалык, лабораториялык сабактарын, өндүрүштүк практикаларын курулуш ишканаларында өтөө боюнча сунушу колдоого алынды.
Иш-чаранын максаты – өндүрүш менен окуу жайдын ортосундагы байланышты бекемдөө болгондуктан тегерек стол өз максатына жетти.