Ош технологиялык университетинин кесипке багыттоо жана ОшТУну таанытуу максатындагы иш-чарасынын үгүт кербени Кара-Кулжа айылында жана Өзгөн шаарында уюштурулду.
Аталган иш-чарага Кара-Кулжа айылындагы жана Өзгөн шаарындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери жана ата-энелери катышты. Бул иш-чараны окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жумушчу тобу уюштуруп, жалпысынан 500гө жакын катышуучулар катталды. Аларга ОшТУ тууралуу кенен маалыматтар берилип, видеороликтер көрсөтүлүп, маалыматтык-буклеттер, гезиттер таркатылды.
Окуучуларга кесипке багыттоо сапарлары өлкөбүздүн башка аймактарында да уланат.