Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин информатика, программалоо жана байланыш кафедрасынын студенттерине жана окутуучуларына Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан кургак учук жана кызамык ооруларын алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 10-филиалынын ден соолукту чыңдоо адиси Турсуналиева Замира Калиловна кургак учук жана кызамык илдетинин катталган учурлары, кооптуулугу, эмдөө, алдын алуу жана жоюу боюнча маалыматтарды берди.
Аталган иш-чарага Тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Ыдырысов Р.Ж., гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Саадалов Т.Ы. жана кафедранын жалпы жамааты катышты.