Ош шаарында Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитети тарабынан 21-март Нооруз майрамына карата жогорку окуу жайлар арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган спорттук мелдешке ОшТУ, ОшМУ, КӨЭАУ, ОшМПУнун 45 жаштан жогорку жана 45 жашка чейинки курактагы окутуучулары жана кызматкерлери катышты.
Жыйынтыгында ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Курманали уулу Кубаныч 45 жашка чейинки курактагылар ортосунда 3-орунду, Студенттер үйүнүн коменданты Апазов Бахтияр 45 жаштан жогорку курактагылар ортосунда 3-орунду жана академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү инситутунун окутуучусу Турдали уулу Кубаныч 45 жашка чейинки курактагылар ортосунда 2-орунду ээлешти.
Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.