7-март күнү Ош технологиялык университетинде аспиранттарга жана докторанттарга (PhD) “USAIDдин Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн аймактык суу жана айлана-чөйрө” аттуу илимий изилдөөлөрдү каржылоочу долбоор боюнча маалымат берилди. Долбоор ИУВР (Интегрированное управление водными ресурсами), WEFE (Водные ресурсы-энергетика-продовольственнаябезопасность-окружающая среда) багыттары боюнча сунуштамаларды кабыл алып, 3000-5000$га чейин каржылайт. Мында суу ресурстары, айлана-чөйрө жана ага байланыштуу тармактардагы изилдөөлөр, анын ичинде суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу жана суу-энергетика-азык-түлүк коопсуздугу-экология байланыш мамилесин илгерилетүү маселелери каралган.
Эскерте кетсек, USAIDдин суу ресурстары жана айлана-чөйрө боюнча аймактык долбоору Борбор Азиядагы жаш илимпоздор арасында изилдөө сынагын жарыялаган.