Ош технологиялык университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын окутуучулары Кылычова Нурия Эсеналиевна жана Маданбекова Жылдызкан Амиракуловна тарабынын “Эне сенин бейишиң” деп аталган тарбиялык маанидеги иш-чара уюштурулду. Иш-чарага кафедранын окутуучулары жана студенттери катышты.
Кечеде эненин түйшүгү, бала тарбиялоодогу, коомдун өнүгүүсүндөгү энелердин орду жөнүндө ырлар жаңырып, видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле, студенттердин апаларына болгон сагынычын билдирип жазган каттары окулду.
Аталган иш-чарада физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынын башчысы А.Б. Сатыбалдыев сөз сүйлөп, баланын эң биринчи тарбиячысы, жол көрсөтүүчүсү, акыл насаатчысы бул-жалгыз гана апа экендигин белгиледи.
Эне – дүйнөдө теңдеши жок асылзат. Эне – өмүрдүн башаты. Эне – ар бир үйдүн куту. Дүйнөдө эне менен баланын ортосундагыдай сүйүү эч жерде жок. Эненин мээриминдей мээрим, алардагы дүйнөнү тең салмакта кармаган улуу күчтөй күчтүүлүк эч жерде жок.