Ош технологиялык университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайдын жалпы аялзатына арналган майрамдык кече болуп өттү. Иш-чара университет жетекчилиги, кибернетика жана маалымат технологиялар факультети жана кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар, студенттер, университеттин жалпы жамааты катышты.
Университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Ж. Мамытов жалпы аялзаты менен бирге окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар жамаатын майрамы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады.
Ош технологиялык университетинде көп жыл үзүрлүү иштеп, билим берүүдө, илимде сиңирген эмгектери, коомдук иштерде көрсөткөн активдүүлүгү үчүн окуу жайда эмгектенген бир нече айымдар Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана кесиптик бирлик комитетинин баалуу белектери менен сыйланышты.
Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, университетте эмгектенип жаткан баатыр энелерге жана көп балалуу энелерге өзгөчө сый-урмат көрсөтүлүп, аларга кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева баалуу белектерин тапшырды.
Кече концерттик программа менен коштолуп, кибернетика жана маалымат технологиялар факультети, маданий эстетикалык борбору тарабынан айымдарга өзгөчө майрамдык маанай тартууланды.