2024-жылдын 4-5-март күндөрү Ош технологиялык университети магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 5 адистиги боюнча Аккредитация, рейтинг жана тастыктоочу көз карандысыз институту – Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча алдыңкы аккредитациялык агенттиги тарабынан аккредитациядан өтүп жатат.
Учурда аталган агенттиктин эксперттик комиссиясы өз ишин баштап, материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшүүдө. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүшүп, окутуучулардын сабактарына катышууда.