Ош технологиялык университетинде “Курманжан-Датка” долбоорун иштеп чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин иш-чаралар планынын негизинде студенттер арасында “Манас эпосундагы айымдар” аталышындагы дил баян сынагы өткөрүлдү. Аталган иш-чара мамлекеттик тил кафедрасы тарабынан уюштурулуп, сынакка жалпысынан 96 студент катышты.
Жыйынтыгында биринчи орунду экономика жана башкаруу факультетинин ИТвУА-1-23 тайпасынын студенти Арапов Абдулкахар Нургазыевич, экинчи орунду кибернетика жана маалымат технологиялары факультетинин ИСТ-1-23 тайпасынын студенти Кулунбетов Сапарбек Рахманалиевич, үчүнчү орунду экономика жана башкаруу факультетинин ЛОГ-1-23 тайпасынын студенти Бекболотов Акбий Эрнисбекович ээледи.