Ош технологиялык университетинде “ОшТУ мырзасы 2024” жигиттер сынагы өткөрүлүп, бул сынакка ар бир факультеттен жана гуманитардык-технологиялык колледжден жалпы сегиз жигит күч сынашышты. Аталган иш-чара жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.
Конкурстун шартына ылайык жигиттерге улуттук жана классикалык баалуулуктар каралаган ар кандай шарттар коюлду. Мырзалар сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, сынакка коюлган бардык шарттарды аткарышты.
Конкурс калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында, баш байгеге табигый-техникалык факультетинин мырзасы Самарбек уулу Жылдызбек ээ болуп, “ОшТУ мырзасы” аталды. Ташкент шаарына эс алууга жолдомонун ээси болду. Ошондой эле “Ош шаарынын мырзасы” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алды. Экинчи орунга технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы Бекмамат уулу Маметиса, үчүнчү орунга экономика жана башкаруу факультетинин мырзасы Айбек уулу Арлен ээ болушту. “ОшТУ инстаграм мырзасы” номинациясына Гуманитардык-технологиялык колледжинин мырзасы Султанбек уулу Мухамедумар ээ болду.
Жеңүүчүлөр университет жетекчилиги, кесиптик бирлик комитети жана Ош Шаардык Жаштар Комитети тарабынан диплом, акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.