ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович жана экономика илимдеринин кандидаты, доцент Момунов Уметбек Насирдинович, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окумуштуулары жана студенттери менен биргеликте Фергана шаарына болгон илимий иш сапардын алкагында Фергана политехникалык институтунун өндүрүштү башкаруу факультетинин деканы э.и.к., доцент Нурмотов Орифжон Толлибжонович жана бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын башчысы э.и.д., профессор Исманов Иброхим Набиевич менен жолугушту.
Фергана политехникалык институтундагы экономика адистигинин 08.00.08 – бухгалтердик эсеп, экономикалык анализ, аудит жана философия илимдеринин доктору (Doctor of Philosophy) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча илимий кеңешине катышып келишти. Мында эки изденүүчүнүн диссертациялык жумуштары корголду. Ошондой эле профессор М.Ж. Абдиев бул окуу жайдагы магистранттар менен илимий жетекчи катары аткарылып жаткан магистрдик диссертациялары боюнча иш алып барып келди.