ОшТУнун экономика жана башкаруу факультетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович жана экономика илимдеринин кандидаты, доцент Момунов Уметбек Насирдинович Фергана шаарына болгон иш сапардын алкагында Фергана мамлекеттик университетинин экономика факультетинин деканы э.и.д., профессор Хонкелдиева Гузал Шеровна жана кафедра башчылары менен жолугушту.
Жолугушууда эки окуу жайдын кызматташуу келишиминин алкагында окуу-методикалык, академиялык мобилдүүлүк жана илимий иштер боюнча алдыда аткарыла турган иштер талкууланды.
Белгилей кетсек, ОшТУ Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен илим жана билим берүү жаатында терең кызматташып келет.