Сиздерди окуу жайдын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, коопсуздугун сактоодо жана ар тараптуу өнүгүүсүндө, сиздердин салымыңыздар чоң.
Мекенди коргоо, туулган жерди, элди коргоо ар бирибиздин милдетибиз. Мамлекеттүүлүктү, эркиндикти жана биримдикти коргоо зор мааниге ээ. Бардыгыбыздын максатыбыз бир – эркин жана гүлдөп өнүккөн Кыргызстанды куруу!
Урматтуу Мекен коргоочулары!
Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бийик дем-күч жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын.
Жергебизде ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун!
Сиздерди терең урматтоо менен,
ОшТУнун ректору Турсунбаев Жанболот Жанышович