Ош технологиялык университетинде жыл сайын салтка айланган факультеттер жана структуралык бөлүмдөр аралык профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосундагы кышкы спартакиада өткөрүлдү.
Спартакиада окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын жетектөөсүндө өткөрүлүп, волейбол, баскетбол, стол тенниси, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультетинен жана институт, колледжден 10 команда катышты.
Эки жумага созулган кышкы спартакиада жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга университет жетекчилиги жана кесиптик бирлик комитети тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында биринчи орун – гуманитардык-технологиялык колледжи 20000 сом акчалай сыйлык менен, экинчи орун – архитектура жана курулуш факультети 15000 сом акчалай сыйлык менен ал эми үчүнчү орун – Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 10000 сом акчалай жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
Спорттук таймашка окуу жайдын ректораты жана кесиптик бирлиги демөөрчүлүк көрсөттү.
Иш-чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө менен спортту өнүктүрүү максатында уюштурулду.