Ош технологиялык университети менен К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуу келишиминин алкагында бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасы тарабынан илимий семинар өткөрүлдү.
Семинарды ОшТУнун илим жана инновациялар проректору, айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор Н.Т. Танаков ачып берди. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин бухгалтердик эсеп, анализ кафедрасынын башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Омуралиева Дамира Кемеловна ОшТУнун изденүүчүлөрү, аспиранттары жана экономика багытынын магистранттары үчүн “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына экосистемалык кызмат көрсөтүүлөрдү экономикалык баалоо” деген темада илимий баяндама жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.