Ош технологиялык университетине Өзбекстан мамлекетинин Мухаммед-аль-Хорезми атындагы Ташкент мамлекеттик технологиялар университетинин Фергана филиалынын өкүлдөрү түзүлгөн келишимдерге ылайык атайын иш-сапар менен келишти.
Делегация менен ректор Жанболот Турсунбаев жолугуп, пикир алышты. Жолугушууда эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү, алдыдагы кызматташуунун стратегияларын биргеликте иштеп чыгуу, профессордук – окутуучулар курамы арасында тажрыйба алмашууларды колго алуу, академиялык мобилдүүлүктөрдү ишке ашыруу жана илим-билим жаатындагы байланыштарды өнүктүрүү туурасында маселелер талкууланды.
Эл аралык билим берүү мейкиндигинде биргелешип аракет кылуу максатында аталган окуу жайдын окутуучулар курамы табигый-техникалык факультетинин информатика кафедрасында 2024-жылдын март айына чейин болушуп, Python, маалыматтар базасы жана web тиркемелер боюнча бир айлык курстан өтүшмөкчү.