Жаз майрамдары менен кошо келген биздин университеттин сулуулук майрамы С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлдү. Студент кыздардын арасында жыл сайын салтка айланган сулуулар бул жылы Ош технологиялык университетинин 60 жылдык мааракесине арналды. Сынакка окуу жайдагы факультеттерде билим алып жатышкан студент кыздардан сегиз айым катышты. Университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев бүгүнкү сулуулук майрамы менен куттуктап, катышуучуларга ийгилик каалады.
Конкурстун шартына ылайык сулуулар сахнада өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, интеллектуалдык суроолорго жооп беришти, кечки көйнөктөрдүн топтомун эл алдына алып чыгышты. Ашкана ажарын ачкан айымдардын талантын баалаган сынак бир күн мурун окуу жайда өткөрүлүп, анда ар бир катышуучу өздөрүнүн ашканадагы таланттарын ачып беришкен.
Сулуулар сынагы калыстар тобу тарабынан бааланып жыйынтыгында, 3-орунга энергетика факультетинен Куштарбек кызы Аймүрөк, 2-орунга технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинен Сапарбек кызы Айжан, экономика жана башкаруу факультетинен Назарбаева Нуржанат, 1-орунга табигый-техникалык факультетинен Калмурзаева Тажиниса ээ болушту.
Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенти Салижанова Дилдора “ОшТУ периси – 2023” сынагынын жеңүүчүсү болду жана Ташкент шаарына үч күндүк сапарга жолдомо алды. Ошондой эле, “Инстаграмм периси” сынагынын жеңүүчүсү болуп кайрадан Салижанова Дилдора аталды.