ОшТУнун дуйнөлүк тилдер кафедрасы жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин чет тилдер кафедрасы тарабынан конференция өткөрүлдү. Бул иш чара эки тараптын студенттеринин ортосунда “Healthy lifestyle” аттуу темада англис тилинде, онлайн форматта өттү. Жолугушууда эки тараптын студенттери 4 негизги “Nature”, “Technology”, “Food” жана “Sport” темалар боюнча англис тилинде өз ара презентация жасашты. Презентациялар таблицалар, фактылар жана сүрөттөр слайд түрүндө көрсөтүлдү. Бул жолугушуу абдан кызыктуу болуп, студенттер бири-бирине суроо-жооптор беришти.
Иш чаранын максаты студенттердин билим алуу багытында мобилдүүлүктү, виртуалдык баарлашуу сабаттуулугун өстүрүү, англис тилин практикада, өз ара официалдуу жолугушууларда туура сүйлөө, сүйлөө маданиятын жогорулатуу жана элдер ортосунда достукту бекемдөө болуп саналат.