Ош шаарынын жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук – 2023» спартакиадасы 14-мартта башталып, төрт күнгө созулду. Спорттук иш чарага Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларда эмгектенген билим кызматкерлери катышты.
Волейбол:
- 40 жаштан жогорку агайлар командасы 3-орун
- 40 жашка чейинки агайлар командасы 3-орун
- 40 жаштан жогорку аялдар командасы 1-орун
- 40 жашка чейинки аялдар командасы 2-орун
Футбол:
- 40 жаштан жогорку оюнчулар командасы 2-орун
- 40 жашка чейинки оюнчулар командасы 2-орун
Стритбол:
- 40 жаштан жогорку оюнчулар 2-орун
- 40 жашка чейинки оюнчулар 2-орун
Ордо:
- ордо оюнунун командасы 3-орун
Шахмат:
- агайлар командасы 3-орун
- аялдар командасы 2-орун
Тогуз коргоол:
- агайлар командасы 1-орун
- аялдар командасы 3-орун
Стол тенниси:
- 40+ оюнчулар командасы 1-орун
- 40 жашка чейинкилер командасы 2-орун
- аялдар командасы 3-орун
«Ден соолук – 2023» спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлөт.
Жеңүүчү командалар жай айларында жыл сайын Ысык Көлдүн жээгинде өткөрүлүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алышат.