Табигый-техникалык факультетинин колдонмо информатика кафедрасынын жамааты тарабынан студенттер жана магистранттар үчүн “Кесип форум” деп аталган семинар өткөрүлдү. Семинарга IT тармагына кызыккан бардык каалоочулар, колдонмо информатика багытында билим алып жатышкан студенттер жана магистранттар, кафедранын жалпы жамааты катышты. Маалыматтык технология тармагындагы акыркы маалыматтардан бөлүшүү үчүн BIRUNI IT мектебинин негиздөөчүсү Аданов Санжарбек Аманбаевич катышуучуларга лекция окуду. Аданов С. А. бүгүнкү күндөгү маалыматтык технологиянын адамзат жашоосундагы орду, илим жана техниканын өнүгүшүн камсыз кылууда зарылдыгы, жаштардын бул тармакка кызыгып, жашоолорун жеңилдетүү үчүн жасап жаткан аракеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле, BIRUNI IT мектебинин программисти Бактыбек уулу Шайырбек IT тармагында жумуш, акча каражатын табуу жолдору жана азыркы учурдагы заман талабындагы программалоо тилдери тууралуу айтып берди. Студенттер жана магистранттар тарабынан өздөрү кызыккан суроолор берилип, кеңири жооптор алынды.
Ааламдашуу алкагында маалыматтык технологиянын күн санап өнүгүшү адам баласынын жашоосунун өзгөчө бөлүгүн ээлеп калды. Адамзат кааласа, каалабаса да жогорку технологиянын жардамы менен бардык кыймыл-аракетибизди жасап калган учурда IT тармагына жогорку квалификациялуу кадрлар даярдалууга тийиш. Биздин окуу жайдын колдонмо информатика кафедрасы заман талабына ылайык адистерди даярдап келет.