Ош шаарынын жогорку окуу жайлардын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук» Спартакиадасы жүрүп жатат. ОшТУнун стол тенниси боюнча курама командасы 40 жаштан жогорку оюнчулардын арасында 1-орунга ээ болду. Ал эми 40 жашка чейинки команда 2-орунду камсыз кылышты. Эжекелер курама командасы 3-орунга ээ болушту.
«Ден соолук» Спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлери арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлөт. Жеңүүчү командалар жай айларында жыл сайын Ысык Көлдүн жээгинде өткөрүлүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алышат.