БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 67-сессиясы Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) БУУнун штаб-квартирасында “Санарип доорунда инновациялар, технология жана билим берүү – гендердик теңчиликке жана бардык аялдар менен кыздардын укуктарын кеңейтүүгө жетишүү үчүн” деген ураандын алдында өткөрүлдү. Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова баштаган Кыргызстандын делегациясы катышты.
Сессияда өлкөнүн санариптик жетишкендиктеринде IT-технологияларды колдонууда аялдардын жана кыздардын ордунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча кеңири талкуу жүрдү. Туруктуу өнүгүү үчүн талап кылынган экономикалык, экологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн негизги катышуучулары болгон тоолуу аймактарда жашаган аялдар жана кыздар үчүн жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө көңүл бурууну жана инвестицияны көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.
Ош технологиялык университетинин Рег-19 тайпасынын студенти Аматова Гулнура жана БИ-19 тайпасынын студенти Эркинбек кызы Назик бул иш чарага биздин өлкөдөгү гендердик теңчилик боюнча жазган баяндамалары менен катышышты. Бул темалар боюнча Ош технологиялык университетинин студенттеринин презентациялары виртуалдык форматта өткөрүлдү жана алар бир катар мамлекеттердин өкүлдөрүн кызыктырды.
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева ОшТУнун жамаатына ыраазычылык билдирип, биздин студенттер ар дайым алдыда экендигин белгиледи.