Ош технологиялык университетинин Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин IX кезексиз чакырылган отчётттук шайлоо конференциясы өткөрүлдү. Конференцияда ОшТУнун бириккен профкомунун төрагасы Мамытов Улукбек Жанышович окуу жайдын профсоюз комитетинин жүргүзгөн иштери боюнча отчетун берди. Профсоюз комитети тарабынан окутуучулардын, кызматкерлердин, студенттердин социалдык, экономикалык кызыкчылыктарын жана эмгекти коргоо багытында жасалган иштери жөнүндө кеӊири маалымат берди.
Шайлоого ОшТУнун баардык факультеттеринен жана бөлүмдөрүнөн жалпы 133 делегаттан тышкары, Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев, ОшТУнун ректору, доцент Ж. Ж. Турсунбаев, окуу жайдын жалпы жамааты жана факультеттердин декандары, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлер, студенттер катышышты. Кайра шайлоо ишинде ОшТУнун бириккен профсоюз комитетинин төрагалыгына жалпы төрт талапкер болду. Шайлоонун жыйынтыгында делегаттардын көпчүлүк добушу менен ОшТУнун профсоюз комитетинин төрайымы болуп Тиленбаева Багдагүл Эргешовна 5 жылдык мөөнөткө бекитилди. Багдагүл Эргешовна буга чейин университеттин редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген.
Багдагүл Эргешовнанын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалайбыз!
ОшТУнун жалпы жамааты