Ош шаардык мэриясы тарабынан 8-март – аялдардын эл аралык майрамына карата спорттун волейбол түрү боюнча Ош шаарынын мэринин кубогу өткөрүлдү. Аталган спорттук иш чарага шаардагы жогорку жана орто окуу жайларынын аялдар жана кыздардан куралган командалар катышып, күч сынашышты.
Спорттук мелдеш эки күнгө созулуп, жыйынтыгында, Ош технологиялык университетинин кыздар командасы 2-орунга, жаш окутуучу айымдар командасы 2-орунга, ал эми 45 жаштан жогорку айымдар командасы үчүнчү орунга ээ болушту.
Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.