Мамлекеттик туу күнүнө карата гуманитардык-технологиялык колледждин социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучусу Гүлзар Тажибаева тарабынан студенттерге экскурсия-сабак өткөрүлдү. Бул сабакта студенттер Ош шаарындагы Сулайман Тоо тарыхый музейине барышып, кыргыздардын өткөн кылымдардагы тарыхы менен таанышып чыгышты.
Кыргызстан тарыхы предмети боюнча өтүлгөн сабактар студенттердин теориялык алган билимдерин практикада бекемдөө максатында уюштурулуп, жаштардын ата-бабалардын басып өткөн тарыхын билүү менен алардын тажрыйбасына таянып эгемендүү өлкөдө жашап, келечектеги кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды ынтымакта, биримдикте жеңүүгө, мекенди сүйүүгө, өз элинин патриоту болууга чакырат.