Ош технологиялык университетинде 8-март – аялдардын эл аралык майрамына карата салтанат өткөрүлдү. Майрамдык иш чарага окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар, студенттер, университеттин жалпы жамааты катышты. Университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев жалпы аялзаты менен бирге окуу жайда эмгектенип жаткан аялдар жамаатын майрам менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалады. ОшТУнун өнүгүшүнө салым кошуп келе жатышкан эжекелерге Ардак грамоталар жана баалуу белектерди тапшырды.
Майрамдык салтанат шаңдуу уланып, сахнада музыка коштогон ырлар жаңырды. Эркектер жамааты тарабынан тамаша иретиндеги сахна көрүнүштөрү катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.
1910-жылы августта көпчүлүккө белгилүү германиялык социал-демократ Клара Цеткин Копенгагендеги конференцияда аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөштүн эл аралык күнүн белгилөөнү сунуштайт. Аны жыйынга катышкан 17 өлкөнүн жүзгө чукул өкүлү колдоп, бир добуштан кабыл алынат. 1911-жылы биринчи жолу Германия, Австро-Венгрия, Дания жана Швейцарияда белгиленди.
1975-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 8-мартты аялдардын жетишкендигин майрамдоо жана теңсиздикке каршы күрөшүү күнү катары жарыялаган.