Жогорку окуу жайлар менен таанышуу максатында Ноокат районунун орто мектептеринин окуучулары биздин университетке келишти. Ноокат районундагы SEKOM билим берүү жана өнүктүрүү борборунда билимдерин өркүндөтүп жатышкан окуучулар Ош технологиялык университетине келишип, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Окуучуларды ОшТУнун кабыл алуу комиссиясынын башчысы Шабданов М. Д. тосуп алып, аларга университет тууралуу маалыматтарды берди.
Өлкөбүздө мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталып, орто мектепти бүтүрүп жаткан окуучулар тестирлөөгө даярданып жатышат. Ошону менен бирге алардын алдында адистик менен жогорку окуу жайын тандоо турат.
Май айындагы жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандар республикабыздагы жогорку окуу жайлардагы бюджеттик орундарга үчүн конкурска катыша алышат. Ал эми контракттык негизге окууну каалагандар үчүн босого балл жеткен учурда конкурска катышып, окуу үчүн катталышат.