Жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында биздин окуу жайдын интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан “Brain storming” интеллектуалдык оюндун 2-этабы өткөрүлдү. Аталган иш чарага 5 университеттин студенттери, 1 мектеп окуучулары, жалпысынан 18 команда катышты. Мында командалар берилген суроолорго жооп беришип, конкурстун шартына ылайык талаптарды аткарышты. Негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди.
“Brain storming” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчү командалары төмөнкү сыйлыктарга ээ болушту:
1-орун ОшМУ «Креатив» 3000сом I даражадагы диплом.
2-орун ОшТУ “No name” 2000сом II даражадагы диплом.
3-орун ОшМПУ «Альянс» 1000сом III даражадагы диплом.
4-5-орундарга сертификат жана сыйлыктар ыйгарылды.