Өзбекистан Республикасынын Улуттук публикациясы тарабынан “2023-жылдын эң мыкты илимий макаласы” аттуу эл аралык сынак өткөрүлдү. Аталган иш чарага ОшТУнун бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы катышып келди.
Кафедра башчысы, проф. Ж. А. Кедейбаева, доцент Г. А. Маметова, ОшТУнун доценти Н.М. Бахромжонова, улук окутуучу С. М. Касымова өздөрүнүн багыттары боюнча жазылган илимий макалалары менен катышып, жыйынтыгында “Эң мыкты илимий макала – 2023” медалына жана сертификатка ээ болушту.
Иш чара Ташкент шаарындагы Даңк музейинде өткөрүлүп, Казакстан, Туркменистан, Тажикстан жана Кыргызстандан илим изилдөөчүлөр өздөрүнүн илимий макалалары менен катышышты. Ийгиликке жараткан кесиптештерибиздин иштерине ийгилик каалайбыз!
ОшТУнун жалпы жамааты