Enaktuc Кыргызстан уюмунун өкүлдөрү Нурбек Султанов жана Ош облусундагы жогорку окуу жайлардын Enaktuc командаларынын, бизнес-инкубатордун кураторлорунун катышуусунда семинар өткөрүлдү. Семинарда студенттер натыйжалуу Enaktuc командасын түзүү, уюмдун негизги максаттары, студенттерге жана университеттерге болгон мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат алышты. Команда түзүүдөгү негизги максат изилдөө жүргүзүү менен коомчулуктун муктаждыктарына баа берүү, команда түзүү менен мониторинг жүргүзүү жана баалоо болуп эсептелет.
Enaktuc уюму социалдык ишкердикти өнүктүрүү жолу менен Кыргызстандын калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, мониторинг жүргүзүү жана баа берүү миссиясы менен иш жүргүзөт.