“Кыргыз Республикасынын Туулары” (тарыхый саресеп) деген темада тарых илимдеринин доктору, профессор Абытов Байболот Капарович студенттерге лекция окуду. Лекцияга коомдук илимдер кафедрасынын жалпы жамааты университеттеги бардык факультеттердин студенттери катышты. Б. К. Абытов Кыргыз Республикасынын туусунун жаралуу, өнүгүү тарыхына жана туунун мамлекеттик маанисине кеңири токтолуп, кыргыздардын тарыхындагы асаба, желек, белги ж. б. тарыхый маанидеги белгилер жөнүндө кеңири маалымат берди. Бул иш чаранын негизги максаты жаштарды мекенчилдикке, өз элинин патриоту болууга жана Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат. Студенттер жана катышуучулар тарабынан лекторго кыргыз тарыхына байланышкан суроолор берилип, кызыктуу талкуу жүрдү. Кызыктуу лекция өтүп бергендиги үчүн кафедранын жамааты жана студенттер тарабынан Б. К. Абытовго ыраазычылык билдирилди.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. Өлкөнүн мамлекеттик Туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзсө, күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы – бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар.
Туунун авторлору: Эдил Айдарбеков, Бекболсун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков.