Жогорку окуу жайлар ортосунда өткөрүлгөн брейн-ринг акыл таймашында Ош технологиялык университетинин студенттери биринчи орунга ээ болушту. Мелдеш “Сырткы миграция, виза маселелери” деп аталып, Кыргызстандын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларда билим алып жатышкан чет өлкөлүк студенттерден куралган командалар катышты.
Конкурстун шартына ылайык командаларга Кыргыз Республикасынын ички мыйзамдары, миграцияга байланышкан суроолор берилип, ар бир команда жооп беришти. Ошондой эле, чет өлкөлүк студенттердин бөтөн элде жүргөндө алардын салтын, тилин жана улуттук өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруулары керектиги жөнүндө ачык талкуулар болду. Конкурска катышкан командалардын ичинен ОшТУнун чет өлкөлүк студенттеринен куралган команда биринчи орунду камсыз кылышты.
- Расылов Мухамед ХТ-1-21;
- Бактиеров Жамшид ТПСХП-1-20;
- Кучкаров Шабданбек ХТ-2-20;
- Матмуратов Шукурбек ПГС-1-20;
- Монкобаев Абдукайым ПГС-1-20;
- Турдалиев Мухамадюсуф СТР-1-21.