27-февралда кезектеги окумуштуулар кеңеши өткөрүлүп, күн тартибинде автоунаа жана тейлөө технологиясы факультетинде окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштердин жүрүшү, окуу жайдын лабораториялык-техникалык базасынын абалы, конкурстук шайлоолор жана ар түрдүү маселелер каралды.
Автоунаа жана тейлөө технологиясы факультети университеттеги автоунаа, тейлөө, жол эрежелери жана жүк ташууну уюштуруу багытындагы адистерди даярдоочу факультет болуп эсептелет. Бул факультетте кадр даярдоодогу жалпы иштердин жүрүшү боюнча технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу Тешебаева З. А. маалымат берди.
Илим жана инновация боюнча проректору Танаков Н. Т. тарабынан окуу жайдын лабораториялык-техникалык базасынын абалы, ар бир факультеттердеги тиешелүү бөлүмдөрдөгү окуу-усулдук кааналардын акыркы учурлардагы заманбап техникалык жабдыктар менен толукталгандыгы айтылды.
Университеттеги ар бир кафедраларда кызмат орундарга шайлоо боюнча конкурстар жарыяланып, жалпы кабыл алынган арыздардын негизинде профессордук-окутуучулук курамдын арасынан ар кандай даражадагы кызмат орундарына кабыл алынышты.
2022-23-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгы үчүн студенттерди окуудан чыгаруу, кайра тикелөө, которуу маселелери жыйынтыкталды. Университеттеги профессордук-окутуучулук курамдын илимий макалалары басмага сунушталды. Илим изилдөөчүлөрдүн жана аспиранттардын, магистранттардын илимий темалары бекитилди. Окуу жайда көп жылдан бери эмгектенип, университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан эжекелер, агайлар сыйлыкка көрсөтүлдү.
Окумуштуулар кеңешинде Түркия мамлекетиндеги зилзаланын кесепеттерин жоюу иштерине катышып келишкен куткаруучулар – биздин университеттин бүтүрүүчүлөрү ОшТУнун Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой эле университетте эмгектенген кызматкерлерге Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине эне тил күнүнө арналган иш чарада активдүү катышкандыгы үчүн ОшТУнун Ардак грамоталары тапшырылды.