Ош технологиялык университетинде “ОшТУ мырзасы 2023” жигиттер сынагы өткөрүлүп, бул сынакка ар бир факультеттен жана гуманитардык-технологиялык колледжден жалпы сегиз жигит күч сынашышты. Аталган иш чара жаштар комитети тарабынан жаштарды коомдук иштерге аралаштыруу, студенттердин достук мамилесин чыңдоо, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу, көрүүчүлөрдүн маданий эс алуусун уюштуруу, эстетикалык табитин арттыруу, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду.
Конкурстун шартына ылайык жигиттерге улуттук жана классикалык баалуулуктар каралаган ар кандай шарттар коюлду. Мырзалар сахнада өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашып, сынакка коюлган бардык шарттарды аткарышты. Конкурс калыстар тобу тарабынан бааланып, жыйынтыгында, баш байгеге технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин мырзасы Парпиев Азизбек ээ болуп, “ОшТУ мырзасы” аталды. Ташкент шаарына үч күндүк эс алууга жолдомонун ээси болду. Ошондой эле “Ош шаарынын мырзасы” конкурсуна катышууга мүмкүнчүлүк алды.
Биринчи орунга табигый-техникалык факультетинин мырзасы Абдиманапов Адахан, экинчи орунга энергетика факультетинин студенти Мурзаев Бекболсун, үчүнчү орунга кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин мырзасы Жапаров Актан ээ болушту. «ОшТУ инстаграм мырзасы» номинациясына Жапаров Актан ээ болду.
Жеңүүчүлөр окуу жайдын жетекчилиги тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.