2023-жылдын 28-февраль, 1-март күндөрү Ош технологиялык университети магистратура, бакалавр жана орто кесиптик билим берүүнүн 24 адистиги боюнча Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги (ААОПО) көз карандысыз аккредитациядан өтүп жатат.
Эксперттик комиссия материалдык-техникалык базалар менен таанышып, билим берүү процессин уюштуруу, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу иш-аракеттерине байкоо жүргүзүшүп, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө студенттер, ата-энелер, окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, социалдык партнерлор менен маектешүүлөрдү өткөрүп, окутуучулардын сабактарына катышып жатышат.